Кыргыз дыйканчылык илимий – изилдөө институтунун тарыхы

 

Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту (мындан ары - Институт) 1956-жылы Мамлекеттик селекциялык, республикалык мөмө-жемиш жана тажрыйбалык станциялардын базасында түзүлгөн.
Институт 17 лабораторияны жана секторду камтыган 26 бөлүмдөн турган ири көп тармактуу, комплекстүү илимий-изилдөө мекемеси болгон. Мындан тышкары, институттун курамына эксперименттик чарбалар, Кыргыз кант кызылчасы боюнча  тажрыйба-селекциялык станциясы, Кыргыз пахта өстүрүү боюнча  тажрыйбалык станциясы, Республикалык тоют тажрыйбалык станциясы, Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы, Нарын жана Бүргөндү таяныч пункттары, СССРдин 50 жылдыгы атындагы үрөн чарбалары жана "Кугарт"кирген.

Институттун тажрыйбалык станцияларынын жана ар кандай кыртыштык-климаттык зоналарда жайгашкан таяныч пункттарынын илимий тематикасы төмөнкү негизги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган: 
-сугат жана кайрак дыйканчылык системасынын илимий негиздери;
-бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кыйла жогорку түшүмдүү, жогорку сапаттуу сортторун чыгаруу, үрөнчүлүк жана үрөн ишинин методдорун өркүндөтүү; 
-комплекстүү механизациянын базасында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн келечектүү технологияларын иштеп чыгуу;
- Кыргызстандын айыл чарбасынын дыйканчылык тармагынын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган.
Ушул жана башка көйгөйлөрдүн бардыгы институттун окумуштууларынын, анын тажрыйба станцияларынын жана таяныч пункттарынын тыгыз макулдашылган жогорку квалификациялуу жааматы тарабынан иштелип чыккан, анда 700 илимий-техникалык кызматкер иштеген, алардын ичинен 341 илимий кызматкер, анын ичинде 99 илимдин кандидаты жана доктору

 

Мындан тышкары, республиканын айрым айыл чарба зоналары боюнча типтүү чарбаларды жүргүзүү системасынын сунуштары иштелип чыккан жана чыгарылган:  Ферганадагы пахта зонасы үчүн сунуштар Кыргыз пахта өстүрүү боюнча  тажрыйба станциясынын базасында иштелип чыкты; кызылча-мал чарбачылыгы – Кант районуна караштуу Ленин атындагы колхоздун базасында иштелип чыкты; тамеки-мал чарбасы – Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Фрунзе атындагы колхоздун базасында; кой-тамеки чарбасы – Талас районуна караштуу Калинин атындагы колхоздун базасында иштелип чыккан.  
 Дыйканчылык институтунун жана анын чарбаларынын илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгү жалпы 135 миң га жер аянтында жүргүзүлгөн, анын ичинен 35 миң га айдоо аянты, анын жарымына жакыны сугат аянты болуп эсептелет.

 

 

Бакчалар жана жүзүмзарлар 1100 гектарды түзүп, калган аянтты чөп чабыктар жана жайыттар ээлеген. Институттун тажрыйбалык станциялары жана үрөнчүлүк чарбалары  жыл сайын колхоздорго жана совхоздорго 80 миң центрнерге жакын элита үрөнүн жана кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн биринчи репродукциясын, жүгөрүнүн баштапкы линияларынын жана гибриддеринин 5 миң центрнерден ашык үрөнүн, 6 миң цн. үрөндүк картөшкөсүн, 2 миң цн. көп жылдык чөптөрдүн уругун, 400 цн. жашылча өсүмдүктөрүнүн   уругун, кант кызылчасынын бардык элиталык үрөндөрүн,  50-60 миң. мөмө жана жүзүм көчөттөрүн өндүрүшкөн.