АЗЫКОВ КУЛУЯ КАЗАКБАЕВИЧ

Азыков Кулуя Казакбаевич - Айыл чарба илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер. 1963-1980-жылдары дыйканчылык институтунун директору болгон. Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Азыков Кулуя Казакбаевич 1911-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак айылында туулган.

1927 - 1929-жылдары Фрунзе айыл чарба техникумунда окуган. 1929 - 1932-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия Пахта институтун бүтүргөн.

1939 – 1945 жылдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, аскердик наамы – улук лейтенант.

 

 

Сыйлыктар:

 "Эмгектеги эрдиги үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн", "20 жыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш", "Советтик Армияга 50 жыл", “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Ардак Белгиси” ордени.

СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн чоң жана кичине алтын, күмүш жана коло медалдары.

СССРдин 14 өкмөттүк медалы.

“Кыргыз ССРнин Эмгек сиңирген агроному” ардак наамы.

Кыргыз ССРнин Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

 

 

Защитил кандидатскую диссертацию по экономике сельского хозяйства, является автором более 50 научных работ, научным руководителем 8 кандидатов наук. 

В 1946-1952 годах работал заместителем народного комиссара земледелия Киргизской ССР по техническим культурам, заместителем министра сельского хозяйства, управляющим делами Совета министров.

В 1953-54 годах возглавлял сельскохозяйственную выставку Киргизской ССР.

В 1954-1959 годах-управляющий сельским хозяйством Иссык-Кульской области.

В 1959-1962 годах занимал должность первого заместителя министра по производству и заготовкам сельскохозяйственных продуктов Киргизской ССР.

В 1960 году защитил кандидатскую диссертацию на тему "проблемы экономики производства опия в колхозах Кыргызстана".

 

 

1963-жылы Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтуна директор болуп которулган.

Анын жетекчилиги астында Кыргыз ССРинде айыл чарбасын жүргүзүүнүн системасы иштелип чыгып, “Кыргыз ССРнин айыл чарбасында чарбаларды кесиптештирүү, консентрациялоо жана чарбалар аралык кооперацияларды өнүктүрүү” деген китеби жарык көргөн.

1978-жылы Азыков Кулуя Казакбаевич жер иштетүү жана дыйканчылык боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмесин уюштурган. Бул илимий-өндүрүштүк бирикмени К.К. Азыков жетектеген жылдары институтта тамак-аш жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 26 жаңы түрү,  30дан ашык жүзүмдүн, мөмө-жемиштердин гибриддик сорттору чыгарылып, өндүрүшкө кирген.

К.К.Азыков Дыйканчылык институнун кызматкерлерине камкордук мамиле жасап, турак-жайларды, бала-бакча, маданият үйүн курдурган.

1963-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин (20.08.1980-ж.) Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун жетекчиси болуп иштеген.